4 тонна түшүм жыйналды. Чүйдөгү абакта жаза өтөгөндөр иштеп жаткан видео

Айыл чарба жумуштарын Москва районундагы №45 түзөтүү мекемесинин администрациясы уюштурган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чүй облусундагы абакта жаза өтөп жаткандар 4 тонна жаздык арпа жыйнашканын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Айыл чарба жумуштарын Москва районундагы №45 түзөтүү мекемесинин администрациясы уюштурган. Колонияга өткөрүп берилген үч гектар жер тилкесинен 4 тонна арпа чогултулду.
Мекеме жетекчилигинен билдиришкендей,  жатак абагы ижарага кошумча эки гектар жер алган. Ага сабиз айдалып, учурда аны отоо жана сугаруу иштери жүрүп жатат. Видеодон жаза өтөгөн адамдардын талаада иштеп жатканын көрүүгө болот.
Радио
Жумалиев: быйыл буудайдан 631 миң тонна түшүм алуу болжолдонууда