Дөңгөлөгү жулунуп кеткен. Тоңдо үрөй учурган кырсыктан алты адам жабыркады

Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
1 / 3

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаа жолдон чыгып оодарылып кетти

2 / 3

Кырсык 4-июль күнү саат 20:50лөр чамасында Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү жолдо катталган

3 / 3

Мунун кесепетинен беш эркек киши жана бир аял жаракат алган.

Маалыматта унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калганы айтылат. Кырсык 4-июль күнү саат 20:50лөр чамасында Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү жолдо катталган. Мунун кесепетинен беш эркек киши жана бир аял жаракат алган.
Окуя болгон жерге ӨКМден үч куткаруучу тартылган. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы Тоң райондук ооруканага алып кеткен.
Ысык-Көлдө минивэндер кагышып эки адам каза болуп, 12 киши жаракат алды