35 жашка чейинки кыргызстандыктар Японияда үч багыт боюнча ишке орноштурулат

Эмгек келишими үч жылга түзүлөт. Кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруудан өткөрүлүп, жашаганга үй берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Япония менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстандын 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандары Японияда тигүүчүлүк, курулуш жана медайымдык ишке орношо алат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
Ал "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык форумга катышууда.
Базарбаев билдиргендей, Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет мамлекетте ишке орноштуруу борбору, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Японтаануу институту жана Япониянын IBS "Профессионалдык биримдиги" менен келишим түзүлгөн.
"Документке ылайык, 18 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктар Японияда үч багыт боюнча: тигүүчүлүк, курулуш жана медайымдык ишке орношо алат", — деди министрдин орун басары.
Эмгек келишими үч жылга чейин түзүлөт. Кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруудан өткөрүлүп, жашаганга үй берилет. Келишим соңуна чыккандан кийин төлөнгөн пенсиялык салыктын 80 пайызын кайтарып алууга укуктуу болот. Быйыл Японияга ушул программа боюнча 400 жаранды жөнөтүү пландалууда.
Кыргызстандыктар Германиянын медициналык жайларына ишке орношо алат. Шарты