"Алтын тамга" сынагынан өткөн окуучулар аныкталды. Жыйынтык өзгөрүшү мүмкүн

Сынакка өлкө боюнча 2 141 бала катышып, тесттен көбүнчө Бишкектеги мектептердин окуучулары (80 баланын 37си) өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 80 окуучу "Алтын тамга" аттестациясынан ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестаттарына татыды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сынакка өлкө боюнча 2 141 бала катышып, тесттен көбүнчө Бишкектеги мектептердин окуучулары (80 баланын 37си) өткөн. Экинчи орунда Ош (15) менен Жалал-Абад (11) облустары турат.
Буга чейин айрым ЖМКлар "Алтын тамга" аттестациясынан өтпөй калган айрым окуучулардын ата-энелери сынакка нааразы болуп жатканын жазган.
Министрлик учурда апелляцияга арыз берип кайрылган бүтүрүүчүлөрдүн ишин техникалык комиссия кайрадан карап, толук каралып бүткөндө жыйынтык, башкача айтканда, аттестациядан өткөндөрдүн саны өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
"Алтын тамга" тести жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал окуучулардын мектептеги сабактарын канчалык деңгээлде жакшы өздөштүрүп жаткандыгын баалайт. Аны алган окуучу мамлекеттик экзамендерден өз каалоосу менен бошотулат.
Белгилей кетсек, тестирлөө "Алтын тамга" аттестатын алам деген мыкты окуган балдар үчүн уюштурулат.
ЖРТнын жыйынтыгы качан чыгары айтылды