БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кармашып урушуу боюнча спорт чебери Алексей Тепляшин темир жолдогу жүк ташыган төрт вагонду жылдырып, Кыргызстанда рекорд койду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдиремеге караганда, иш-чара 22-апрель күнү спортчунун туулган күнүндө өткөн. Ал 40 жашка чыкты.
"Спортчу жонуна кайыш кур илип чиркешкен төрт вагонду жүгү менен дээрлик 8 метрге чейин жылдырган. Вагондун жүктү кошкондогу жалпы салмагы 100 тонна 150 килограммды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Тепляшиндин бул сынакка жарым жылдан ашык убакыт даярданганы айтылды.