Эскертүү! Эртең бала бакчага электрондук каттоо башталат. Керектүү номерлер

Балдарды бакчага кабыл алуу атайын маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги бөбөктөрдү бала бакчага электрондук түрдө кабыл алуу 11-апрель күнү саат 9:00дөн тарта баштала турганын эске салды.
Электрондук кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү арыз нускамасы менен шилтемесинен тааныша алат. Ошондой эле 119 номериндеги Call-борборго байланышууга болот.
Техникалык колдоону 0312 988 940, 0220 022 196, 0220 022183 жана 0220 022 381 номерлери көрсөтөт.
Радио
Асанбеков: бала бакчага электрондук кезек өз максатына жеткен жок