Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Акыны рубль менен алуу башка товарларга да жайылтылат. Песковдун билдирүүсү

Песков Россиянын Украинадагы атайын операциясы аягына чыгат деди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасында Павел Зарубин менен маектешти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Sputnik Кыргызстан анын сөзүнүн урунттуу учурларын тизмектейт.
Батыш өлкөлөрү газга евро менен төлөп келгендей эле төлөй берет, бирок "Газпромго" рубль менен түшөт. Акысын рубль менен алуу схемасы башка товарларга да жайылтылат. Мындай ыкма Россиянын Батыш өлкөлөрү менен болгон соода алакасында бекемделе бермекчи.
Кыйынчылык менен өтүп жаткан Москва менен Киевдин сүйлөшүүсү "кайсы бир документке кол коюу" менен аяктайт, бул кырдаалдын жөнгө салынышын көздөй жасалган маанилүү кадам болот.
Көп мамлекет америкалыктардын катуу кысымы алдында жашайт, бирок баарынын эле өзүнүн суверендик позициясын так көрсөтүүгө алы жетпейт.
"Өлкөлөрдүн баары эле, айталы, Түркия эмес да. Биздин деле Түркия менен пикир келишпеген учурларыбыз бар. Кандай болгон күндө да бул мамелкет өз кызыкчылыгын коргоп келет, ооба дей турган жерде "ооба" дейт, жок дей турган жерде "жок" деп так кесе айта алат. Албетте, бүгүнкү күндө саясий Олимпте Түркиянын президентиндей адам аз", — деди Песков.
Россияны таптакыр обочолонтуу мүмкүн эмес.
Эртеби-кечпи, океандын ары жагындагылар каалайбы-каалайбайбы, Европа Россия менен диалог түзүүгө мажбур болот.
Владимир Путин эч качан Владимир Зеленский менен жолугушуудан баш тарткан эмес, бул ишке аша турган нерсе, бирок Украина менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча конкреттүү бир документ даяр болушу кажет.
Украинадагы атайын операция максатына жетет.
Батыш Россиядан чыккан кылмышкерлер баш паанаалай турчу оазиске айланып калды. Аларды кайтарып берейин же РФтин укук коргоо органдары менен иштешейин деген эч ким жок.
Россия эч кимге кооптуулук жаратпайт, бирок касташкандар көбөйгөн шартта тобокелчиликтерди азайтууга милдеттүү.
Бир нече жыл мурун өлкө башчысына карата санкция киргизүү эч кимдин оюна келбеген көрүнүш эле, бул акылга сыйбаган нерсе. Көрсө, Россиянын Батыштагы оппоненттери көп нерсеге жөндөмдүү экен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Украина менен келишим боюнча талкуулар 4-апрелде башталат