Сегизбаев 4 млн. сом төлөп, тышка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарылды

Өткөн жылдын февраль айында УКМКнын мурдагы жетекчисине, президенттикке экс-талапкерге алты кылмыш иши козголгон эле.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. УКМКнын мурдагы жетекчиси, президенттикке экс-талапкер Абдил Сегизбаев 4 миллион сом айыпка жыгылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдирди.

"Кечээ аны күнөөлүү деп таап, 4 миллион сомдук жаза аныкталган. Өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргиче, эки жакка чыкпоо шарты менен баш коргоо чарасын өзгөртүштү", — деп айтты райондук соттон.

Сегизбаев жаңы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде эки иш боюнча күнөөлүү деп табылган.
Эске салсак, ал УКМКнын тергөө абагында отурган.
Былтыр февраль айында УКМКнын мурдагы жетекчисине алты кылмыш иши козголгон. Бирок иш "өтө жашыруун" деген категорияда тергелип келет. Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.
Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.
УКМК: Абжалиев келтирген зыяндын ордун толтуруп, эркиндикке чыкты