Сауд Аравиялык министр кыргыз-сауд бизнес-форумун өткөрүү идеясын жактырды

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен келген. Бүгүн ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанга расмий сапары менен келген Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Саудду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алып, тараптар кызматташууну күчөтүү боюнча сөз кылышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 3

Кыргызстанга расмий сапары менен келген Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Саудду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алып, тараптар кызматташууну күчөтүү боюнча сөз кылышты

2 / 3

Ал эми Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд ар тараптуу кызматташуу идеясын колдой турганын билдирип, бул жылы кыргыз-сауд бизнес-форумун өткөрүү демилгесин жактырганын кошумчалады.

3 / 3

Белгилей кетсек, Аль-Сауд КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга алгачкы жолу келди

"Сауд Аравия Падышалыгы — араб дүйнөсүндөгү эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири. Кыргызстан сиздер менен тажрыйба алмашуу, инвестиция, энергетика жана жаңыланып туруучу энергия булактары тармактарында кызматташууга кызыкдар. Ошондой эле айыл чарба продукциясын экспорттоого басым жасагыбыз келет", — деди Жапаров.
Ал эми Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд ар тараптуу кызматташуу идеясын колдой турганын билдирип, бул жылы кыргыз-сауд бизнес-форумун өткөрүү демилгесин жактырганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Аль-Сауд КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга алгачкы жолу келди.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстандын ТИМ башчысы Украинанын элчисин кабыл алды