Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министринин милдетин аткармай болду

Бейшеналиев буга чейин да билим берүү министри болуп иштеген, бирок ал ведомствону жети ай гана башкарган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Алмазбек Бейшеналиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Президент өзүнүн башка жарлыгы менен мурдагы министр Болотбек Купешовду ээлеген кызматынан бошоткон.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-февралда, мамлекет башчынын жарлыгын окуп, Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиевди тааныштырды.
Жапаров жаңы дайындалган башчы билим берүү жана илим тармагын жакшы билерин белгилеген. Ошондой эле Алмазбек Бейшеналиевге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоого, билим берүү системасынын бардык баскычтарында натыйжалуу реформаларды жүргүзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды койгон.
Белгилей кетсек, Бейшеналиев 2021-жылдын июнь айында республиканын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп шайланган. Ошол эле жылдын августунда Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дагы дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын май айына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген.
Пресс-борбор
Гуманитардык окуу жайлардын медициналык факультет ачуусуна эмне себеп болгон