Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер

Бүгүн — белгилүү кинорежиссер, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү. Саясатчынын көзү тирүү болгондо быйыл 83 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Атактуу режиссер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 17 жашында мектепти аяктап, борбор калаадагы медициналык институтка тапшырган. Бирок аны аягына чейин окуп бүтпөй эле киностудияга иштеп кетип калган. Кийин Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунан билим алып келип, 1962-жылдан 1990-жылга чейин "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген. Киночу 70тен ашык даректүү тасма жатарып, "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильмди көрөрмандарга сунуштаган. Ошондой эле кинодо актер, диктор болуп, үн коштоп эмгектенген.
Көп кырдуу таланттын калемгерлик өнөрүн да көпчүлүк билет. Анын 20дан ашык китеби кыргыз, орус тилдеринде жарык көрүп, айрым чыгармалары бир нече тилге которулуп, ырлары обонго салынган.
Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, саясатка аралашып парламентте ал курч сөзү, ачуу чындыкты айтып турушу менен көпчүлүктөн айырмаланган. Саясатчы өз кезегинде бийлик тарабынан кысымга алынып, "Кайран эл" кинокартинасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
1 / 14

Дооронбек Садырбаев мектепте окуп жүргөн кезинде дарыгер болгусу келип медициналык институтка тапшырган

2 / 14

Киночу үзөңгүлөш жолдошу, обончу Түгөлбай Казаков менен Ленинград шаарында, 1978-жыл

3 / 14

Садырбаев чыгармачылыгын кинодон баштап, ата мекендик кинематографияда өз ордун тапкан

4 / 14

Чыгармачыл инсандын жашоодо аябай боорукер болгонун жакындары эскерип келет

5 / 14

Алайдын тоолорунда иштеген киночулар. Четте отурган режиссер Садырбаев.

6 / 14

Кызуу иштеген кесиптештер. Режиссер Дооронбек Садырбаев менен оператор Нуртай Борбиев.

7 / 14

Тасма тартуу учуру... КРдин эл артисти Дооронбек Садырбаев менен СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева

8 / 14

Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев

9 / 14

Дооронбек Садырбаев менен белгилүү балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл

10 / 14

Садырбаевдин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутат болуп турган кези. 2002-жыл

11 / 14

Көлдө небереси менен кайык айдаган саясатчы

12 / 14

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн

13 / 14

Небереси менен эркелешкен саясатчы

14 / 14

Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы узакка созулган оорудан улам 69 жашында кайтыш болгон