Митингчилер министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылууда. Сүрөт, видео

Митингге чыккандар министрден трайбалисттик билдирүүлөрдөн алыс болуп, медициналык мекемени жайына коюуну талап кылышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкекте митингчилер саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышууда. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.
Жүздөгөн кишинин катышуусундагы нааразычылык акциясы аталган министрликтин имаратынын жанында болууда. Ал жакка Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кызматкерлери жана алардын тарапташтары чогулган. Алар бир аздан кийин министрликтин жанындагы скверге жылды.
1 / 5

Бишкекте митингчилер саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышууда.

2 / 5

Жүздөгөн кишинин катышуусундагы нааразычылык акциясы аталган министрликтин имаратынын жанында болууда.

3 / 5

Ал жакка Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кызматкерлери жана алардын тарапташтары чогулган.

4 / 5

Алар бир аздан кийин министрликтин жанындагы скверге жылды.

5 / 5

Жеринде кайгуулчулар нөөмөттө турат.

Ошондой эле митингчилер министрден трайбалисттик билдирүүлөрдөн алыс болуп, медициналык мекемени жайына коюуну талап кылышууда.
Жеринде кайгуулчулар нөөмөттө турат.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.
Травматология борборунун жамааты жаңы жетекчиликти киргизбей койду. Видео