Алматыда Ерболат Досаевдин шаарга жаңы башчы болуп дайындалышына каршы тынчтык митинги болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Нааразычылык акциясы Окумуштуулар үйүнүн алдында өтүп, эки саатка созулган. Митингдин катышуучулары Ерболат Досаевдин шаарга аким болуп дайындалышына макул эмес. Досаев - Казакстандын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы.
Алматынын мурдагы жетекчиси Бакытжан Сагинтаев кызматтан январдагы массалык башаламандыктан кийин кеткен. Шаардыктар аны калааны кыйын кырдаалда таштап, штабда жашынып отуруп алды деп айыптап, иштен кетүүсүн талап кылышкан.
"Есимов, Сагинтаев, Байбек, Храпунов сыяктуу акимдердин бирөө дагы шаардыктар менен диалог алып барган эмес", — деди митингдин катышуучуларынын бири.
Акцияга чыккандардын арасында январь окуяларынан кийин тергөө абагында жаткандардын жакындары дагы бар. Алар туугандарынын бошотулушун талап кылышкан.
Маалым болгондой, митинг шаар мэриясы менен сүйлөшүлгөн. Бул — Казакстандагы январда болгон башаламандыктан кийинки алгачкы тынчтык митинги.