Кышкы Олимпиадага бара турчу делегациянын формасы көрсөтүлдү. Сүрөттөр

Форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон кытайлык Tectop фирмасы тарабынан бекер берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Пекинге Кышкы Олимпиадага бара турчу Кыргызстандын делегациясынын формалары көрсөтүлдү.
Сүрөттөр менен Улуттук олимпиада комитети бөлүштү.
Кийимдин комплектине 14 экипировка кирди: оюндун ачылышы менен жабылышына кийиле турчу форма, машыгуу үчүн костюм, узун жана кыска куртка, жамгыр өткөрбөгөн плащ, футболка, өтүк, кроссовка, рюкзак, кол кап, топу жана байпак.
1 / 5

Пекинге Кышкы Олимпиадага бара турчу Кыргызстандын делегациясынын формалары көрсөтүлдү

2 / 5

Сүрөттөр менен Улуттук олимпиада комитети бөлүштү

3 / 5

Кийимдин комплектине 14 экипировка кирди: оюндун ачылышы менен жабылышына кийиле турчу форма, машыгуу үчүн костюм, узун жана кыска куртка, жамгыр өткөрбөгөн плащ, футболка, өтүк, кроссовка, рюкзак, кол кап, топу жана байпак

4 / 5

Форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон кытайлык Tectop фирмасы тарабынан бекер берилген

5 / 5

УОК менен Tectop 2018-жылдан бери иштешип келет. Пекиндеги Кышкы Олимпиадага кийиле турчу формага былтыр жайында эле буйрутма берилген

Форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон кытайлык Tectop фирмасы тарабынан бекер берилген. УОК менен Tectop 2018-жылдан бери иштешип келет. Пекиндеги Кышкы Олимпиадага кийиле турчу формага былтыр жайында эле буйрутма берилген.
Олимпиада 4-20-февраль күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан тоо лыжачы Максим Гордеев катышат. Гордеевден жана анын машыктыруучусу Игорь Борисовдон башка Олимпиадага аттана турган Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) кызматкери Чолпон Жумагазиева барат. Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен УОКтун президенти менен анын башкы катчысы Садыр Мамытов жана Кылычбек Сарбагышев да кетет.
Олимпиадага барчу Максим Гордеевге өлкөнүн туусу тапшырылды. Сүрөт
Олимпиадага Кыргызстандан барчу лыжачы Гордеевди канча киши коштоп барат