Чет элдиктер да бар. Оштогу жол кырсыкта 10 киши жабыркап, бир адам көз жумду

Mercedes-Benz Sprinter жана Subaru Outback автоунаалары кагышып, ичинде кетип бараткандар жаракат алышты. Арасында балдар жана чет элдиктер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Ош облусунда эки автоунаа сүзүшүп, 10 киши жабыркап, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кырсык Бишкек — Ош жолунун 645-чакырымында, тагыраагы, Кара-Суу районунда болду.
Mercedes-Benz Sprinter жана Subaru Outback автоунаалары кагышып, 10 киши ар кандай жаракаттарды алды.
“Жабырлануучулардын арасында 31-25 жаштын ортосундагы беш эркек киши бар. Алардын экөө Өзбекстандын жарандары. Мындан тышкары, 31 жаштагы аял, 18 жаштагы кыз жана 3, 5, 8 жаштагы балдар бар. Алардын бардыгын куткаруучулар автоунаадан алып чыгып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми 20 жаштагы жигит ошол жерден жан берген.
Бишкекте жол кырсыгына кириптер 225 айдоочу из жашырган. Милиция жардам суроодо