Митингге чыккан соодагерлер менен аткаминерлер жолукту. Сүрөт, видео

Кожошев Жогорку Кеңеш кабыл алган кодексти президент карай электигин айтып, дагы убакыт бар экенин түшүндүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Эски аянтта Өкмөт үйүнүн алдында "Дордой" базары менен башка соода борборлорунда иштегендердин митинги өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маалымдады.
Митингге чыккандар жаңы Салык кодексинин кабыл алынышына жана контролдук кассалык аппаратка (ККМ) каршы пикирин билдирген.
Алардын айтымында, министрлер кабинети бизнести жарга такап жатат. Митингчилер жаңы кодекс чакан бизнести талкалай турганын белгилешкен.
1 / 3

Митингге чыккандар жаңы Салык кодексинин кабыл алынышына жана контролдук кассалык аппаратка (ККМ) каршы пикирин билдирген.

2 / 3

Алардын айтымында, министрлер кабинети бизнести жарга такап жатат. Митингчилер жаңы кодекс чакан бизнести талкалай турганын белгилешкен.

3 / 3

Нааразычылык акцияга чогулгандарга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев, экономика, коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башкалар чыккан.

Нааразычылык акцияга чогулгандарга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев, экономика, коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башкалар чыккан. Соодагерлер аларга кодексти кайра артка кайтаруу талапбы жазылган кат берип, жообун 29-декабрга чейин күтөрүн айтышкан.
Кожошев Жогорку Кеңеш кабыл алган кодексти президент карай электигин айтып, дагы убакыт бар экенин түшүндүргөн. Башкача айтканда, Жаңы салык кодекси 1-январдан баштап күчүнө кирбейт. Ал түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтып, соодагерлерге керектүү суроолоруна жооп алуу үчүн Салык кызматынын жетекчилиги менен ЖМКлардын аянтчасында жолугушууну сунуштады.
Эртең менен Өкмөт үйүнүн алдына 50дөй адам чогулган. Кийин алардын айрымдары кетип, Кожошев менен жолугуп сүйлөшүүгө 30дайы калганы маалым болду.
Аппарат бекер берилет. Соодагерлердин тынчын алган ККМ тууралуу 6 суроого жооп
Патентти калтыруу каралып жатабы? Салык кызматынын жообу