Аппарат бекер берилет. Соодагерлердин тынчын алган ККМ тууралуу 6 суроого жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековСупермаркеттин кассасы. Архив
Супермаркеттин кассасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Жазылуу
Кассалык аппаратты бекер коюп беришет, ККМди онлайн түрүндө дагы колдонсо болот. Мындай системаны киргизүүнүн максаты эмне? Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу тууралуу бир катар суроолорго жооп берди.
Салык кодексинин жаңы редакциясы кечээ, 22-декабрда, парламент тарабынан кабыл алынды. Ал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Документти 2022-жылдын 1-январынан тарта колдонууга чыгаруу пландалган.
Анын алкагында патент системасы жоюлуп, бардык субъектилер жеке ишкер катары катталып, контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен иштөөгө милдеттендирилди. Бул базарда иштеген соодагерлерге катуу таасир этип, нааразычылыгын жаратууда.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 29 087 кассалык аппарат колдонулуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып ККМди колдонуу жаңы стандарттар менен жүргүзүлүүдө. Фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок ККМдин эски үлгүлөрү колдонуудан чыгат.

ККМ колдонууга кимдер милдеттүү?

ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөрү, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъектилер колдонушу керек.

Ишкер өзү кассалык аппараттарды сатып алышы керекпи?

Салык кызматы 2021-жылдын сентябрь айынан тартып ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Анын алкагында ишкерлерге кассалык аппараттар бекер берилип, ошондой эле аларды тейлөө акысыз болот. Бүгүнкү күндө ар кандай соода жана тейлөө түйүндөрүндө 2 331 пилоттук ККМ орнотулуп, кошулган.

ККМди онлайн түрүндө колдонсо болобу?

Учурда ККМдин аппараттык жана программалык эки түрү колдонулууда.
Маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар, фискалдык эс-тутуму менен кадимки кассалык аппараттан тышкары, ККМ тиркеме түрүндө да болот. Ал смартфонго, планшетке же компьютерге орнотулат.
Ошол эле учурда программалык ККМди жүктөп алуу акысыз. Бул кассалык аппараттын жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Онлайн ККМди колдонгон ишкер керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтер гана сатып алат.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме

Кассалык аппаратты каяктан алыш керек?

Кассалык аппараттарды KKMди техникалык тейлөө борборунан алууга болот. Бүгүнкү күндө бул багытта 14 борбор иш алып барууда. Программалык KKMди берүүнү фискалдык маалыматтардын 15 оператору жүргүзөт.
Ошондой эле "Керемет Банк" жана "РСК Банк" ар бири 1000ден кассалык аппарат алышкан. Алар арыз менен кайрылган ишкерлерге бекер орнотуп беришет. Жалпысынан мамлекеттик банктар субъектилерге 9 миң аппаратты акысыз берет.
Алынган ККМди каттоо үчүн ишкер жергиликтүү салык органына кайрылуусу керек. Ал жерде кызматкерлер зарыл болгон учурда ККМди колдонуунун тартибин жана эрежелерин кеңири түшүндүрүп беришет. Иштин тигил же бул түрүн колдонуу үчүн аппараттын кайсы түрү эң ылайыктуу экенин айтышат.

Ишкер, соодагерлерге кандай жеңилдик болот?

ККМди жаңы стандарттар менен колдонуу мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилерлик пайда алып келет. Ачык фискалдык система жана жагымдуу атаандаштык чөйрөсү түзүлөт, адилет бизнести көзөмөлдөөнүн ар кандай формалары кыскарат. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугу корголот.
Мындан тышкары, кассалык аппаратты колдонуу ишкерди кассалык отчёттордун бүтүндөй комплексин даярдоодон арылтат. Жалданма кызматкерлери бар субъект жеке кабинети аркылуу кызматкерлерди алыстан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу жаатында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу — бул убакыттын талабы.

Патент эмнеге жоюлуп жатат?

Мамлекет көп жылдар бою майда жана орто бизнесте иштеген жарандарга патенттик системанын эсебинен бутуна турууга мүмкүндүк берди. Бирок учурдагы өзгөрүп туруучу шарттарда салык салуу системасында жана бүтүндөй салык саясатында адекваттуу өзгөртүүлөр талап кылынат. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө салык төлөөгө байланыштуу мыйзамдар абдан дыкаттык менен аткарылып жатат. Демек, бул мамлекеттердин жарандардын алдындагы социалдык жана башка милдеттенмелерин сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүгү бар.
Салык кызматы ар бир субъектини кызмат көрсөтүүдө жана калк менен эсептешүүдө ККМди колдонууга үндөйт. Ушундай ыкмалар менен гана ачык-айкын атаандаштык рыногун түзүүгө болору айтылууда.
Ыктыярдуу патент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жаңы жылдан кийин патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат
Жаңылыктар түрмөгү
0