Радио

Акеров: парламенттик шайлоону таза өттү деп айтуу кыйын

Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров ушул жылдын 28-ноябрында болуп өткөн шайлоодо 2020-жылдагы технология колдонулуп, жыйынтыгында олигархтар бийликке келди деген пикирин билдирди.
Sputnik
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына болгон шайлоону таза өттү деп айтуу кыйын. Анткени мында деле мурда колдонулуп жүргөн технологиялар ишке ашып, бийлик байлардын келишин шарттады. Мындай пикирин Табылды Акеров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Анын пикиринде, эл аралык уюмдардын шайлоо өнөктүгүнө берген баасы чыныгы шайлоо кампаниясынын абалын билдирбейт.
"Эл аралык уюмдар дайыма эле шайлоонун жакшы өткөнүн айтышат. Былтыр октябрда деле мыкты өттү деп кетишкен. Андан соң өлкөдө так ушул шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон толкун чоң өзгөрүүлөргө алып келбедиби. Ушул сыяктуу эле быйылкы шайлоону да жакшы өттү, одоно мыйзам бузуулар болгон жок дешти. Бирок биз эл аралык уюмдар ошол шайлоо өнөктүгү өткөн 12 саатка гана баа берерин унутпасак. Андыктан бул шайлоону таза өттү деп айтууга болбойт. Мисалы, былтыр октябрда бийлик эки партияны алып келгенге аракеттенсе, бул ирет беш партиясын өткөрүп алды. Мейли партиялык тизме менен болсун же бир мандаттуу округданбы, баары бир баягы эле акчалуу олигархтар келди. Эски система кайрадан колдонулду", — деди Акеров.
Ал анча-мынча элге таанымал болуп калган инсандар гана өз алдынча шайлоодо жеңишке жетише алгандыгын кошумчалады.