ДССУ: пандемиядан улам жарым миллион адам ачарчылыкта калганы турат

Эл аралык уюмдар мамлекеттерге саламаттык сактоо жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү тармагында каржылоону көбөйтүп, элге жеңилдик берүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Бүткүл дүйнөлүк банк жарым миллион адам пандемияга байланган саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөрдөн улам жакырчылыкка кептелүү коркунучунда турганын билдирди. Бул тууралуу ДССУнун сайтында жазылган.
Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясында бардык мамлекеттин саламаттык сактоо системасына күч келип, медициналык кызматтарды көрсөтүү да ар кандай мүчүлүштүккө учураган. Ошондой эле акыркы он жылда калкты вакцина менен камсыз кылуу төмөндөп, ал эми кургак учук менен безгектен (малярия) көз жумгандар көбөйдү.
"Ар бир мамлекеттин өкмөтү эли каржылык кесепеттерден коркпостон медициналык тейлөөгө жеткидей аракеттерди көрүшү зарыл", — деген ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус.
Ал мамлекеттерге саламаттык сактоо жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү тармагында каржылоону көбөйтүүнү сунуштады.