БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги асылдуулугу төмөн жайыттарды элге 20 жылга чейин ижарага берүү мыйзам долбоорун сунуштады.
Аталган демилге бүгүн парламентте биринчи окууда каралууда. Министрдин орун басары Нурлан Шерипов аталган мыйзам долбоору иштеп калса, бюджетке азыркыдан 15 эсе көп каражат түшөрүн белгиледи.
"Жайыттарды Кыргызстандын жарандарына айыл чарба багытында колдонууга жана иштетүүгө берүү сунушталып жатат. Өлкөдө 9,5 миллион гектарга чукул жайыт бар. Анын ичинен кунардуулугу төмөн жайыттар 500 миң гектарга жакын. Мындай жайыттарга гектарына 12 сом салык төлөнөт. Ал эми аны ижарага алып бак тиге турган болсо 205 сомдон төгүп калат. Демек, бюджетке азыркыдан 15 эсе көп каражат түшөт. Бул мыйзам долбоору, биринчиден, жумуш орундарын түзүүгө, кунардуулугу төмөн жерлердин асылдуулугун арттырууга, салык базасын кеңейтүүгө шарт түзөт", — деди Шерипов.
Айыл өкмөттөрдөгү атайын комиссия кунардуулугу төмөн жайыттарды аныктап, конкурс аркылуу ижарага берет.
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев мындай категориядагы жайыттарга таштак, суу чыкпаган, чөп көп өспөй мал жаюуга ылайыксыз жерлер кирерин айтты. Аны ижарага алган инвесторлор алыстан суу тартып келип, бак өстүрсө болот.