Нью-Йоркту тик учак менен айланган Айсулуу Тыныбекованын видеосу

Балбан кыз абдан толкунданганын айтып, мындай сезимдерге биринчи жолу туш болгонун белгилеген. Тыныбекова учурда АКШда машыгуу өткөрүп жүргөн кези.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова өзүнүн Instagram баракчасына Нью-Йорк шаарындагы Манхэттенден тик учакка отуруп, шаарды бийиктиктен көргөн видеосун жарыялады.
Балбан тик учакка биринчи жолу отуруп, абдан толкунданганын белгилеген.
"Тик учакка отурганга чейинки мезгил эсимде жок, себеби мен абдан толкундандым. Бир нече саамдан кийин кыймылдаткычы иштеп, салондон дүрүлдөгөн үн чыкты. Мен ойлогондой коркунучтуу деле эмес экен. Тик учак бийиктеген сайын толкундоо күчөп, бул сезим мени көпкө коштоду. Бийиктиктен сөз менен айтып бүткүс рельефтерди, укмуштуудай мегаполисти көрдүм. Бийиктиктен мага канат бүткөндөй сезилди. Менде мындай сезимдер эч качан болгон эмес. Биз Манхэттендин үстүнөн учтук", — деди Тыныбекова.
Ал ошондой эле кыялдар орундаларын айтып, "достор, бийикке учкула" деп кошумчалаган.