WhatsApp мессенджери 1-ноябрдан тарта миңдеген смартфондо иштебей калат

10 жыл мурун чыккан телефонду көтөрүп жүргөндөр WhatsApp колдоно алышпайт. Эксперт андай смартфондор тиркемелерди көтөргөнгө мүмкүнчүлүгү болбой калганы менен түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. WhatsApp мессенджери 1-ноябрдан тарта эскирип калган смартфондордо иштебей калат. Бул тууралуу "360" телеканалына Россиянын Улуттук технологиялык демилгесинин SafeNet инженердик борборунун эксперти Игорь Бедеров билдирди.
Анын айтымында, тиркеме операциялык тутумун жаңыртууга мүмкүн болбой калган уюлдук телефондордо иштебейт. Буга 2011-жылкы iPhone 4 менен 10 жыл мурун чыгарылган башка смартфондор, мисалы, операциялык системасы Android 4.1ден төмөн телефондор кирет.
Бедеров ал смартфондордун батареясы көпкө кармабай, процессорлору көптөгөн тиркемелерди иштетүүгө жарабай калганы менен түшүндүрдү.