ЖК төрагасы кызматтан кетти, анын милдетин Касымалиева аткармай болду

Бишкек шаардык административдик соту  бүгүн Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов шайлоо бүткөнгө чейин кызматтан четтеп, анын ордуна Аида Касымалиева төраганын милдетин аткаруучу болду. Бул туурасындагы маалыматты Касымалиева өзү тастыктады.
Вице-спикер Аида Касымалиева
"Төрага Талант Мамытов атайын тескеме чыгарып укуктарын убактылуу өткөрүп берди", —  деп билдирди Касымалиева.
Эске салсак, спикер  Мамытов "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган болчу. Бирок 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытовдун кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып, талапкер катары каттоодон баш тарткан. Анткен менен бүгүн Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарган.
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп 2020-жылдын 4-ноябрында шайланган.