Радио

Ырсалиев: өлкөдө токойлорду инвентаризациялоо иштери жүрүүдө

Айыл чарба министрлигинин токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев мындай иштер 2008-2010-жылдары жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
Өлкөдө токойлорду инвентаризациялоо иштери жүрүүдө. Жыйынтыгы 2022-жылдын башында белгилүү болуп калат. Бул тууралуу Бакыт Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки эсептөөлөрдө өлкөнүн алты пайызын токой ээлей турганы белгилүү болгон.
"Буга чейин токой чарбаларынын аймактарындагы токойлор тууралуу маалымат белгилүү болчу. 2008-2010-жылдары өлкөдө улуттук инвентаризация жүргүзүлгөн. Натыйжада токой фондунун аймактарынан тышкаркы аянттарда 277 миң гектар токой бар экени аныкталган. Башкача айтканда, жалпы өлкө аймагынын 5,6 пайызын токой түзөрү белгилүү болгон. 2018-жылы жүргүзүлгөн эсептөөлөрдө республиканын токой баскан аянты алты пайызга жеткен. Анын ичинен токой чарбаларынан башка аянттарда 315 миң гектарга өскөн. 2020-жылы экинчи улуттук инвентаризация иштери мерчемделген. Тилекке каршы, пандемиядан улам иштер толук кандуу жыйынтыкталбай калган. Инвентаризациянын жыйынтыгы 2022-жылы толук белгилүү болот деген үмүттөбүз", — деди Бакыт Ырсалиев.
Ошондой эле ал токойлорду эсептөө ар беш жылда, токой жайгаштыруу иштери ар 10 жылда жүрөрүн кошумчалады.