Кыргызстанда маяна, жашоо минимуму 2000-жылдан бери кандай өзгөрдү

Инфограмда 20 жыл ичиндеги маалыматтын бардыгы көрсөтүлгөн эмес. 2000, 2005, 2010, андан кийин 2014-жылдан 2020-жылга чейинки сандар камтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг.— Sputnik. Улуттук статистикалык комитет кыргызстандыктардын 2000-жылдан 2020-жылга чейинки маяна акысы менен жашоо минимуму кандай өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты жарыялады.

Белгилей кетсек, бул жерде 20 жыл ичиндеги маалыматтын бардыгы көрсөтүлгөн эмес. 2000, 2005, 2010, андан кийин 2014-жылдан 2020-жылга чейинки сандар камтылган.

Медиктердин айлыгын көбөйтүү үчүн 1,6 миллиард сом бөлүндү
Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, 2000-жылдан бери айлык орточо эсеп менен алганда 15,4 эсеге өскөн. Тагыраагы, 1 200 сомдон 19 миңге чейин көбөйгөн. Бул жылдар аралыгында жашоо минимуму 1 400 сомдон 6 000 сомго чейин көтөрүлгөнү айтылды.

Белгилей кетсек, сунушталган маалыматтарды карай келгенде, 2005-жылы жашоо минимуму орточо айлык маянадан көп болуп кеткенин байкоого болот.