Кечээ Ош шаарында 10 жашар бала сууга чөгүп кетти

Адам өмүрүн алган окуя Ош шаарына караштуу Амир-Тимур кичи районундагы "Южный" деп аталган каналда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кечээ Ош шаарында 10 жаштагы бала каналга агып кетип, каза болуп калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кырсык Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда болгон. Каналга 10 жаштагы эркек бала түшүп кетип, аны издеген төрт куткаруучу сөөктү кечки саат 11лерге чукул тапты", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кызматкерлери баланын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.