Даярдык күчтүү болсун. Жапаров табигат кырсыктарына каршы ишти күчөтүүнү тапшырды

Жапаров табигый кырсыктардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ишке тартылган мамлекеттик органдар, тиешелүү кызматтар жогорку даярдыкта иштөө тартибине өтүшү керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиленди", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Эске салсак, кечээ Сузак районун бир нече айылында сел жүрүп, анын кесепетинен алты жаштагы кыз сууга агып, каза тапты.

Жапаров ар кандай табигый кырсыктар: сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу ишке тартылган мамлекеттик органдардын, тиешелүү кызматтардын жогорку даярдыкта иштөө тартибине өтүшү керектигин белгилеген.

Таш менен топуракка толгон үйлөр. Лейлектеги селдин кесепетинин видеосу
"Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн, алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл", — деген Жапаров.

Муну менен катар министрлер кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылган.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын аймагында сел жана суу ташкындары болуп, бир нече адамдын өмүрүн алып кетип жатат.