Сузакта кечээ сел агызып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия селя в Сузакском районе
Последствия селя в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Сел агызып кеткен кызды издөөгө ондогон куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. Кыздын сөөгүн туугандары тапкан. 

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 20-июлда, саат 17:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарына кокту-колоттордон түшкөн сел алты жаштагы кызды агызып кеткен. Суу турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак — Кара-Дарыя жолун каптаган. 

Бөбөктү табууга жана селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин ыкчам тобу жана 50 куткаруучу, айылдык 30 тургун жана техникалар тартылган.

"Жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, кыздын сөөгүн туугандары тапкан", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында. 

Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0