Аралыктан иштөөнү Эмгек кодексине киргизүү зарыл экенин акыркы эки жылда түшүндүк. Пандемиядан улам көп ишкана, мекемелердин кызматкерлери азыр дагы аралыктан иштеп жатат. Тилекке каршы, Юстиция министрлигинин сайтында коомдук талкууда турган мыйзам чийки болуп жатат. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда кайсы категориядагы адамдар аралыктан иштей алары так жазылган эмес.
"Аралыктан иштөөнү Эмгек кодексине киргизүү боюнча мыйзам долбоору юридикалык да, техникалык да толуктоолорго муктаж. Мыйзамдын кыргыз жана орус тилиндеги версиясында айырмачылык бар. Аталган мыйзамдын бир абзацын алып антиплагиаттан өткөрдүм. Анын 10 пайызы уникалдуу, ал эми калганы Россиянын 2013-жылы чыккан мыйзамынан көчүрүлгөн. Болгону бир гана "иных способов" деген сөздү кошуп коюшкан. Албетте, эки өлкөнүн жашоо шарты, жумуш берүүчү жана кызматкердин мамилелери, менталитет айырмаланат. Ошондуктан, менимче, бул долбоорду Кыргызстандын жашоочуларына ылайыктуу кылып иштеп чыгышыбыз керек. Мыйзамда аралыктан иштеген кызматкердин чыгымы ким тарабынан, кантип эсептелинери жумуш берүүчү менен келишим түрүндө белгиленет деп жазылган. Бул жерде "мүмкүн" деген сөздү колдонуп жатышат да. Бул юриспруденцияда өтө ар тараптуу сөз. Кааласа берет, каалабаса бербейт дегенди билдирет. Негизи пандемия башталган эки жылдын аралыгында кызматкерлер аралыктан иштөөгө которулуп, айрымдары ошондон ары кыскартылып кеткен учурлар көп болду. Мыйзамда мындай учурда кызматкердин укугу кандай корголору жазылышы керек эле. Менимче, бул долбоордо жумушчу менен жумуш берүүчүнүн электрондук документ алмашуунун жол-жобосу жөнүндө эле жазылгандай болуп калыптыр", — деди Бакиров.
Юрист аталган мыйзам долбоорунда оффлайн жана онлайн иштеген кызматкердин айлык акысы бирдей болору жазылганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: