Бишкек Ирандан келген алгачкы рейсти тосуп алды, эми түз учууга болот. Сүрөт

Бүгүн "Манас" аба майданы пандемиядан берки узак тыныгуудан кийин биринчи жолу Мешхед — Бишкек — Мешхед каттамын тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстандан эми Иранга түз учууга болорун "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Кыргызстандан эми Иранга түз учууга болорун "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады
2 / 3
Бүгүн, 18-июнда, аба майдан пандемиядан берки узак тыныгуудан кийин биринчи жолу Мешхед — Бишкек — Мешхед каттамын тосуп алган
3 / 3
Ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясы бул каттамды бир айда бир гана жолу жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 2,5 саат
Бүгүн, 18-июнда, аба майдан пандемиядан берки узак тыныгуудан кийин биринчи жолу Мешхед — Бишкек — Мешхед каттамын тосуп алган.
Ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясы бул каттамды бир айда бир гана жолу жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 2,5 саат.