Эл өкүлү: жаңы Конституция боюнча азыркы депутаттар декабрга чейин иштейт

Мурда кабыл алынган мыйзамга ылайык, VI чакырылыштын мөөнөтү июнь айында бүтүп, шайлоо дайындалышы керектиги талаш жаратты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жаңы Конституцияга ылайык, парламенттик шайлоо декабрь айына чейин жылдырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев билдирди.
Бүгүн парламенттин жыйынында буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык VI чакырылыштын мөөнөтү июнь айында бүтүп, шайлоо дайындалышы керектиги талаш жаратты.
"Өткөөл беренелердин тартибинде жана жаңы Баш мыйзамда кандай жашай турганыбыз жазылган. Анын 8-беренесинде "Жогорку Кеңеш жана министрлер кабинети алты айлык мөөнөттө Конституциядан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды жана өзүнүн чечимдерин Конституцияга ылайык келтирсин" деп жазылып турат. Ошондо ноябрь-декабрь айына жылып атат. Жаңы баш мыйзам 5-майда күчүнө кирди да", — деди Умбеталиев.
Белгилей кетсек, VI чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү өткөн жылдын 28-октябрында бүткөн. Бирок саясий-экономикалык кырдаал турукташканга чейин деп мөөнөтүн 1-июнга чейин узартуу мыйзамын кабыл алышкан.