Акча үнөмдөө үчүн эски имаратты өз колу менен бузган польшалык мэр. Сүрөт

Шаар башчысы жергиликтүү кеңештин депутатын жана мэриянын бир нече кызматкерин жардамга чакырып, анан ишти баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Польшанын Люблинец шаарынын мэри Эдвард Маниура эски имаратты өз колу менен бузуп оозго алынды. Имараттын ордуна велосипед коюлуучу жай болорун "Ридус" маалымат булагы жазды.
Шаар башчысы имаратты бузуу үчүн 25 миң польша злотыйы (болжол менен жети миң доллар) керектелерин билген соң ишке өзү билек түрүнө киришкен. Мэр бул үчүн казынадан мынча каражат сарптоону туура эмес деп эсептеген.
Мэр деп ушуларды айт! Кыялда жүргөн шаар башчылары…
Маниура жергиликтүү кеңештин депутатын жана мэриянын бир нече кызматкерин жардамга чакырып, анан ишти баштаган.
Ал жардамчылары менен эски имаратты эки күндө бузуп бүткөн. Мэр бюджеттин акчасын үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу мамлекеттик каржыны туура башкаруунун негизи болуп саналарын белгилеп, кара жумушта ырахаттануу менен иштегенин, эми Люблинец 25 миң злотый үнөмдөп каларына аябай кубанганын айтты.