https://sputnik.kg/20210530/polsha-lyublinets-mer-edvard-maniura-kara-zhumush-surot-1052658160.html
Акча үнөмдөө үчүн эски имаратты өз колу менен бузган польшалык мэр. Сүрөт
Акча үнөмдөө үчүн эски имаратты өз колу менен бузган польшалык мэр. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Шаар башчысы жергиликтүү кеңештин депутатын жана мэриянын бир нече кызматкерин жардамга чакырып, анан ишти баштаган. 30.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-30T09:54+0600
2021-05-30T09:54+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
польша
мэр
бюджет
үнөмдөө
жумуш
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1d/1052658196_0:308:3077:2048_1920x0_80_0_0_5f2cf36f395eae1b8c25ee9aecfecc53.jpg
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Польшанын Люблинец шаарынын мэри Эдвард Маниура эски имаратты өз колу менен бузуп оозго алынды. Имараттын ордуна велосипед коюлуучу жай болорун "Ридус" маалымат булагы жазды.Шаар башчысы имаратты бузуу үчүн 25 миң польша злотыйы (болжол менен жети миң доллар) керектелерин билген соң ишке өзү билек түрүнө киришкен. Мэр бул үчүн казынадан мынча каражат сарптоону туура эмес деп эсептеген.Маниура жергиликтүү кеңештин депутатын жана мэриянын бир нече кызматкерин жардамга чакырып, анан ишти баштаган.Ал жардамчылары менен эски имаратты эки күндө бузуп бүткөн. Мэр бюджеттин акчасын үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу мамлекеттик каржыны туура башкаруунун негизи болуп саналарын белгилеп, кара жумушта ырахаттануу менен иштегенин, эми Люблинец 25 миң злотый үнөмдөп каларына аябай кубанганын айтты.
https://sputnik.kg/20170109/dujnodogu-mykty-mehrler-1031171411.html
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1d/1052658196_0:114:3077:2048_1920x0_80_0_0_62c876df4467395df572f6d2477f8f1f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, польша, мэр, бюджет, үнөмдөө, жумуш
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, польша, мэр, бюджет, үнөмдөө, жумуш
Акча үнөмдөө үчүн эски имаратты өз колу менен бузган польшалык мэр. Сүрөт
09:54 30.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Шаар башчысы жергиликтүү кеңештин депутатын жана мэриянын бир нече кызматкерин жардамга чакырып, анан ишти баштаган.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Польшанын Люблинец шаарынын мэри Эдвард Маниура эски имаратты өз колу менен бузуп оозго алынды. Имараттын ордуна велосипед коюлуучу жай болорун "Ридус" маалымат булагы жазды.
Шаар башчысы имаратты бузуу үчүн 25 миң польша злотыйы (болжол менен жети миң доллар) керектелерин билген соң ишке өзү билек түрүнө киришкен. Мэр бул үчүн казынадан мынча каражат сарптоону туура эмес деп эсептеген.
Маниура жергиликтүү кеңештин депутатын жана мэриянын бир нече кызматкерин жардамга чакырып, анан ишти баштаган.
Ал жардамчылары менен эски имаратты эки күндө бузуп бүткөн. Мэр бюджеттин акчасын үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу мамлекеттик каржыны туура башкаруунун негизи болуп саналарын белгилеп, кара жумушта ырахаттануу менен иштегенин, эми Люблинец 25 миң злотый үнөмдөп каларына аябай кубанганын айтты.