Пресс-борбор

"Уурдалып, өлтүрүлгөн кыздар: бийлик аларды кантип коргойт" аттуу тегерек стол

Иш-чара 19-май күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik редакциясынын Facebook баракчасы аркылуу көрсөтүлөт.
Sputnik
Бир нече убакыт мурда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурду. Кыргызстандыктар адамдын уурдалып жатканы видеого түшүп калганына карабай милиция анын өлүмүн алдын ала албаганына нааразы болушту.
7-май күнү Лебединовкада Изят Курбанова аттуу дагы бир кыз уурдалды. Бул дагы эл арасында бир топ кайчы пикирлерди жаратты.
Президент Садыр Жапаров мындай жоруктарга карата жазаны күчөтүүнү, ал үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.
Маселени тегерек столдун катышуучулары талкуулашат: