Хабибдин ордун ээлеген Оливейранын урматына Бразилияда парад уюштурулду. Видео

16-майда Чарльз Оливейра чемпиондук беттештин экинчи раундунда Майкл Чендлерди нокаутка кетирип, алтын курдун ээси болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Хабиб Нурмагомедовдун ордуна UFC уюмунун жеңил салмагында чемпион болгон Чарльз Оливейраны мекени чемпиондук парад менен тосуп алды. Бул тууралуу Р-Спорт жазып, видеосун чыгарды.
​Бразилияга келген чемпионду миңдеген күйөрманы тосуп алган. Алтын кур тагынган мушкер Сан-Пауло штатынын Гуаружа көчөсүнөн өрт өчүрүүчү унаа менен өттү.
Эске салсак, 16-майда Оливейра чемпиондук беттештин экинчи раундунда америкалык Майкл Чендлерди нокаутка кетирип, Хабиб Нурмагомедовдон калган алтын курдун ээси болгон.
UFC Антонина Шевченко менен анын атаандашына бирдей гонорар берди
Муну менен Чарльз Оливейра промоушендин тарыхында жеңил салмактагы 11-чемпион болду. Бул наам буга чейин россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго таандык эле. Ал 2018-жылы Эла Яквинтаны утуп алтын кур тагынган. Кийин 2018-жылдын октябрында ирландиялык Конор Макгрегорду, 2019-жылдын 7-сентябрында америкалык Дастин Порьени жана 2020-жылдын 24-октябрында дагы бир америкалык атлет Жастин Гэтжини утуп чемпиондук наамын коргогон. Ушул жылдын 19-мартында россиялык жеңилбес чемпион спорттогу карьерасын расмий жыйынтыктаганын промоушендин башчысы Дана Уайт жарыялаган. Мындан улам чемпиондук орун бош калган болчу.