Таласта коронавирустан улам мектептин баары онлайн-окууга өттү

Мындай чечим облус бийлиги тарабынан 29-апрелде кабыл алынган. Аралыктан окутуу 11-майга чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Талас облусунда коронавирус кырдаалына байланыштуу мектептин бардыгы аралыктан окууга өттү. Маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова тастыктады.
Анын айтымында, чечим облус бийлиги тарабынан 29-апрелде кабыл алынган. Балдарды аралыктан окутуу 11-майга чейин созулат.
"Андан кийин абалды байкаштырабыз. Эгерде кырдаал жакшырбаса, чечимди өзгөртөбүз", — деди Жанузакова.
Ушул тапта Бишкекте жана Ошто да мектептер аралыктан окууга өтүп жатат.
Бүгүнкү маалымат боюнча, 277 кишиден вирус чыгып, үч бейтап каза тапкан. 202 кишинин айыгып чыкканы маалым болду.