БИШКЕК, 17-апр — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын бири узаган жылы чыгымга учураса, калганынын иши кирешелүү болду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Өлкөдө 23 банк иш алып барат. Анын 22си жалпысынан 4 миллиард 124,2 миллион сом тапкан.
Узаган жылдын жыйынтыгы боюнча бир каржы-насыялык мекеме 1 миллиард 551,5 миллион сомго чыгымга учурады. Кайсы банк экени көрсөтүлгөн эмес.
Мындан тышкары, беш банктын лицензиясы артка кайтарылып же такыр берилбей калуу алдында турат. Алардын экөө жалпысынан 3,8 миллион сом пайда тапса, үчөө 4,3 миллион сомго чыгашага учураган.
Эске салсак, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен дүйнөлүк, анын ичинде ички экономика жабыр тартты. Натыйжада өлкөнүн ИДПсы 9 пайызга төмөндөдү. Ошондой эле өткөн жылы өкмөт бир катар насыяларды төлөө мөөнөтүн узарткан.