Миллиарддар... Кардарлар Кыргызстандын банктарында канча акча сактайт?

Кеп юридикалык, жеке тараптардын жана жарандыгы жок адамдардын эсепке салган акчалары тууралуу жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын банктарында кардарлар рекорддук көлөмдөгү акчаларды улуттук валютада кармап турушат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кеп аз убакытка жана мөөнөтү аныкталбай салынган акчалар туурасында жүрүп жатат. Алардын ээлери жеке, юридикалык тараптар жана Кыргызстандын жарандыгы жок адамдар.
Өткөн жылдын аягын алып караганда, кардарлар жалпысынан 180,9 миллиард сом салышкан. Былтыр көлөм 27,2 миллиард сомго өскөн.
Төмөндө түшүндүрмө: