БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Казакстандын Алматы калаасында Жаңы жылга карата Аяз ата менен Аяз кызды үйгө чакырууга тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстандын Telegram каналына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 25-декабрдан 5-январга чейин шаарда чакыруулар боюнча иш жүргүзгөн агенттиктердин жумушу токтойт. Ошондой эле бардык мекемелерде Жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Казакстандын эң ири шаары коронавирус пандемиясынан улам бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Ал эми Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин Жаңы жылда үйгө чакырылган коноктордун саны 10 адамдан ашпашы керектигин билдирген.
Кечээки күнгө, 24-декабрга карата коңшу өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 149 462ге жеткен. Илдеттен улам 2 196 адам жашоо менен кош айтышкан.