Прокуратура: Бишкектеги сейил бакты жакшыртууда миллиондон ашык акча желген

Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын алдын ала сүйлөшүп өзүнө жана башкаларга пайда табуу максатында кылган мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке зыян келтирилгени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Балалык" паркын жакшыртууда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурстук комиссиясы Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын курулуш-монтаждык иштерин жүргүзүүдө "Ак-Ниет Курулуш" компаниясын жеңүүчү деп тапкан.

Эс алуу бөлмөсүндө акча санап отурган. Аламүдүндүн прокурорун кармаган видео

"Бирок текшере келгенде аталган компаниянын лицензиясындагы аткарылуучу иштердин тизмесинде суу, канализация, электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок болуп чыккан. Буга карабастан алар менен келишим түзүлүп калган. Мындан сырткары, айрым иштердин баасы 1 043 887 сомго жогорулатылганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын алдын ала сүйлөшүп, өзүнө жана башкаларга пайда табуу максатында кылган мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке зыян келтирилгени белгиленди.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө амалдары уланууда.