Аким: өрт өчүрүүчүлөргө "Орто-Сай" базарынын кире беришинде тоскоолдук жаралган

Район жетекчиси тиешелүү органдарга кайрылып, өрт жана ушул сыяктуу кырсыктарды алдын алуу үчүн "Орто-Сай" базарында кандай иштер кылынганы боюнча маалымат сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн барганда "Орто-Сай" базарынын кире беришинде бир топ көйгөйгө туш болушту. Бул тууралуу Октябрь районунун акими Константин Куценко билдирди.

Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөр жерине 5-10 мүнөттүн ичинде жеткен. Бирок тоскоолдуктарга туш болгон.

"Андай учурда 10 мүнөт өтө маанилүү, көп нерсени чечип коет. Өрт өчүрүүчүлөр жолду тороп, тоскоол болгон нерселерди өздөрү алып, жылдырууга мажбур болушкан", — деди Куценко.

ӨКМ: "Орто-Сай" базарынан түндө чыккан өрт эртең менен толук өчүрүлдү

Ал аталган объектиде бул сыяктуу кырдаал жаралбаш үчүн кандай иштер аткарылганын билүү максатында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылды. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөргө эмнелер тоскоол болгондугу тууралуу толук маалымат берүүнү суранды.

Эске салсак, 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн.