УКМКнын өздүк курамы Суваналиевден баш тартты

Бүгүн Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда жыйын өткөн. Анда кайрылуу жасалып, күч структуралары саясаттан тыш болушу керектиги белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамы, жетекчилиги жана ардагерлери УКМК имаратынан Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиевди чыгарып коюшту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Суваналиевдин катышуусунда жыйын өткөн. Анда кайрылуу жасалып, күч структуралары саясаттан тыш болушу керектиги белгиленген.

Маалыматта УКМК штаттык режимде иштеп жатканы айтылган. Имаратты коргоого жана өлкөдө тартипти орнотууга күч жана каражат жетиштүү экени белгиленди.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар менен алардын тарапташтары митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү Ак үй алынган. Күч структураларынын башчылары алмашып, УКМКга Өмүрбек Суваналиевдин барганы айтылган болчу.