Будапешт шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк пайда болду. Сүрөт

Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен жолугуп, иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу да айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Салтанаттуу аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчисинин аталган мамлекетке сапары 29-сентябрда башталган. Буга чейин өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, бир катар макулдашууларга кол коюлган.

Сейил бакка атактуу жазуучунун ысымын ыйгаруу аземине Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышып, Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигине токтолду.

"Айтматовдун чыгармалары алыскы кыргыз айылынан тартып, глобалдык көйгөйлөргө жана планетардык масштабдагы актуалдуу идеяларга чейин ар кыл маселелерди камтыйт. Ал өмүр бою дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын жана эл аралык кызматташтыктын идеяларын коргоп келген. Биз, кыргыздар, уникалдуу "Манас" эпосубуз менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданиятка өз салымыбызды коштук", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Айтматов тынчтык идеяларын Ысык-Көл форумун уюштуруу аркылуу да жайылтканын, ага дүйнөлүк саясаттын жүрүшүнө таасир эткен көптөгөн белгилүү инсандар катышканын кошумчалады.

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

Президент дагы бир жолу жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин урматтоонун дагы бир белгиси экенин белгиледи.

"Мен Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун ысымын, анын чыгармачылыгын жана талантын терең урматташкандыгына күбө болдум. Кайда гана барбайын, сүйлөшүүлөрдө биздин Айтматовду ар дайым сый-урмат менен эскеришет", — деди Жээнбеков.

Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды

Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чыңгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурунда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланганын белгиледи.

Мамлекет башчысы жана Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка дарактарды отургузушту.

Ушул эле жерден Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты. Ал иш сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн билим алуу квоталарын көбөйтүү тууралуу макулдашуу жана Бишкек менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландары жөнүндө айтып берди.