507 млн. сом менен из жашырып кеткен. ЖК депутатынын уулу Болгарияда кармалды

Социалдык тармактын колдонуучулары Данияр Ибраев Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин мурдагы аппарат жетекчиси Саматбек Ибраевдин уулу экенин айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Болгарияда алдамчылыкка шектелип жүргөн Данияр Ибраев аттуу кыргыз жаранын экстрадициялоо процесси башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга буга чейин бир нече курулуш компаниялары кайрылып, Данияр Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ири суммадагы каражат алып кеткенин айтышкан.

"Укук коргоо органдары тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында 1992-жылы туулган, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору Ибраев Данияр Саматбекович 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылга чейин курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, жети адамдан ири суммадагы каражатты алдап алганы аныкталган. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 352 049 сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча иш Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
2019-жылдын 24-декабрь күнү Данияр Ибраев алдамчылык фактысын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарланып, ошол эле күнү ага карата Свердлов райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы сыртынан каралып, камакка алуу чечими кабыл алынган.

Былтыр кыргызстандыктар кайсы кылмыштарды көп кылган. Статистика

2020-жылдын 28-февраль күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Данияр Ибраев Болгариянын София шаарында кармалган. Азыркы тапта аны экстрадициялоо процесси башталды.

Социалдык тармактын колдонуучулары Данияр Ибраев Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин мурдагы аппарат жетекчиси Саматбек Ибраевдин уулу экенин айтышууда. Айрым адамдар социалдык тармактан Ибраев ири суммадагы акча алып, бербей жатканын жазган.
Бишкек ШИИБ Данияр Ибраевден жапа чеккендерди милицияга кайрылуусун өтүндү.