Улуттук банктын алтын жана валюта резерви 3 млрд доллардан ашты

Бул — Улуттук банктын тарыхында алтын жана валюта резервинин көлөмү боюнча эң чоң көрсөткүч. Мекеме өз запасын баалуу металл аркылуу мындан дагы көбөйтүү боюнча иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын алтын жана валюта резервинин көлөмү 3 миллиард 82 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов брифинг учурунда айтты.

Анын маалыматына караганда, акыркы эки жыл ичинде Кыргызстан ички рыноктон алтын сатып алуусун көбөйттү.

Улуттук банк эски акчаларды алмаштыруу, алтын куймаларын сатууну жандантты

"Мындан улам резервдеги алтындын жана валютанын көлөмү өстү. Бүгүнкү күндө 3 миллиард 82 миллион долларды түзөт, бул импорттун чыгымдарын 6,5 айга жаап турууга жетет", — деди Абдыгулов.

Бул — Улуттук банктын тарыхында алтын жана валюта резервинин көлөмү боюнча эң чоң көрсөткүч. Мекеме өз запасын баалуу металл аркылуу мындан дагы көбөйтүү боюнча иштеп жатат.