БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. 2019-жылы Кыргызстанда 41 622 кылмыш, 22 211 жорук катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Кылмыштар тууралуу сөз кыла турган болсок, өлкөдө эң көп жасалган кылмыштын түрү — уурулук. Тагыраагы, 15 132 жолу уурулук фактысы катталган.
Кайгуул милициясы иштегенден бери 37 кылмыштын бетин ачты
Сандар менен карай келгенде төмөнкүчө болгон:
- алдамчылык — 7 247 жолу;
- бейбаштык — 3 349
- тоноо — 1 821;
- баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү — 999;
- жол эрежелерин бузуу — 562;
- каракчылык менен кол салуу — 204 жолу жасалган.
Ал эми башка оор кылмыштар 12 308 жолу катталган. Бирок мунун ичинен канчасы кандай мыйзам бузуу экени айтылган жок.