БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн кызматтык автоунаасына жасалма мамлекеттик номер тагылышы боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 23-июлда, айрым ЖМКларда облус башчысы Акылбек Осмоналиевдин кызматтык машинасына жасалма номер тагылганы тууралуу маалымат жарыяланган.
Жасалма номер чуусу: камерадан тартылган сүрөттү жарыялагандар жазаланды
Аталган факт Ысык-Көл ОИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 173-беренесинин 1-бөлүгү ("Транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик номер (белгиси) менен башкаруу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.