Рамзан Кадыров Чеченстанда 200дөн ашык келиндин калыңын төлөөгө акча бөлдү

Муфтият пандемиядан улам турмушка чыгып жаткан кызды алып кетүүгө эки гана автоунаа бара аларын айтты. Тойго да жаңы үйлөнүп жаткан жубайлардын туугандары гана катыша алат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров пандемиядан улам аялынын калыңын төлөөгө шарты болбой жаткан үйлөнө турчу эркектерге материалдык жактан жардам бермей болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынын билдирмесине таянып кабарлады.

Маалым болгондой, республика башчысы 207 кыздын калыңына акча бөлгөн. Үйлөнө турчу эркектердин үй-бүлөсү шариятка ылайык каадасын жасаш үчүн 50 миң рублден алышат. Муфтият республикада урда же калыңдын баасын 50 миң рубль деп бекиткен. Каражат келинчекке белек катары берилет.

ЖМК: Рамзан Кадыров Москвада ооруканада жатат
Келинчектердин калыңы үчүн каражат Ахмат ажы Кадыров атындагы фонддон бөлүнө турганы айтылды.

Муфтият пандемиядан улам турмушка чыгып жаткан кызды алып кетүүгө эки гана автоунаа бара аларын айтты. Тойго да жаңы үйлөнүп жаткан жубайлардын туугандары гана катыша алат.

Чеченстанда апрелдин башында мусулмандар дин башкармалыгы коронавирустан улам шарият боюнча нике кыюуга тыюу салган. Мындан улам ондогон үлпөт тойлорду токтото турууга туура келген. 25-майдан тарта бул тыюу алып салынды. Бирок үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө дагы эле чектөө бар. Үлпөт тойго катыша турган адамдардын санына да чектөө киргизилген.