Тоскоолдукту четтетели. Кыргыз-казак министрлери чек ара маселесин сүйлөштү

Кесиптеши менен сүйлөшүү учурунда тышкы иштер министри Айдарбеков Казакстан тарапты ЕАЭБдин колдонуудагы ченемдерин сактоого чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ жетекчилери Чыңгыз Айдарбеков менен Мухтар Тлеуберди учурда иштеп жаткан "Ак-Тилек – Карасу" жана "Чоң-Капка – Айша-Биби" өткөрмө пункттарындагы тоскоолдуктарды четтетүү зарыл деген түшүнүккө келишти. Бул тууралуу Тышкы саясат боюнча ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Эки министр телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарындагы фуралардын өтүүсүнө байланышкан кырдаал боюнча пикир алмашкан.

"Өз кезегинде кыргыз тарап казак жакты ЕАЭБдин колдонуудагы ченемдерин сактоого чакырды. Министр Айдарбеков зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн "Чалдовар – Сыпатай Батыр" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин ишмердүүлүгүн 8-июнда саат 12.00дөн тартып кайра жандандыруу жөнүндө жетишилген макулдашууну оң баалады", —  деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, бир нече күндөн бери Кыргызстан менен Казакстандын тиешелүү министрликтери "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинде 8 чакырымга созулган фуралардын чек арадан өтпөй турганы боюнча кайым айтышып келе жаткан.

Ысыкта зарыгып, күнгө какталган айдоочулар. Кыргыз-казак чек арасынан сүрөт баян
Белгилей кетсек, Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындай баштаган. Өкмөттөн 300-400 фура кезекте турганын айтышкан. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жеринен репортаж жасаган.

Вице-премьер Эркин Асрандиев 4-июнда чек арага барып, абалды оор деп баалаган. Ал эми эртеси Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети чек арада жүк ташуучу автоунаалардын узак кезекке туруп калышын Бишкектин кырдаалды курчутуу аракети катары сыпаттаган.

Коңшулардын ал билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров казак тараптын тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөр үч саатка созулганын, автоунаалардын өтүүсү боюнча хронометраж да аныкталгандыгын айткан.

"Казакстандын өкүлдөрү эки саатта чынында жүк ташуучулар канчалык жай өтүп жатканын өз көзү менен көрүп, маселе аларда экенин моюндашты", —  деген ал.

Ал эми 9-июнда өтө турган ЕЭКтин коллегиясында абалды жөнгө салууга акыркы чечим кабыл алынып, Казакстанга чек араны тез арада ачууну айтарына ишеним арткан.