Экс-жетекчи айым жең ичинен сүйлөшүүгө шектелип кармалды. Прокуратура билдирди

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси лицензияны мыйзамсыз каттатуу менен өлкөгө зыян алып келген деп айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Черногубова 12-майда Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча шектелүүдө.

"УКМК уюлдук байланыш операторлорунун бири жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттоо менен мыйзамдарды бузганын аныктап жатат. Мамлекетке зыян келтирилген", — деп билдирди Башкы прокуратура.

Чыгымдын суммасын айтылган жок. Башкы прокуратура Черногубова УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.